Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №115/22-7
Кара-Көл шаарынын шааркуруу жана архитектурабашкармалыгынын 2017- жылдын 2-жарым жылдыгында жана 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндөмаалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектегиXХIIсессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2017-жылдын 2-жарымында жарандардан жана мекеме-ишканалардан 496 даана арыз түшкөн. Анын ичинен 163 каттын талаптары аткарылган. Калган 333 катка мыйзам чегинде жооп берилген. 2017-жылдын 2-жарым жылдык аралыкта аткарылган жумуштун көлөмү 933,5 миң сомду түзгөн. Башкармалык тарабынан буйрутмачыларга 23 санда АПШ жана ИТШ (Архитектуралык-пландоо жана инженердик- техникалык шартары) даярдалып берилген. Шаар ичине ар кандай объектилерди курууга буйрутмачыларга 11долбоор түзүлүп берилген. 8 жеке менчик турак үй курулуп бүтүп, 555,03 м2 аянты пайдаланууга берилген. 86 жер участкаларынын ситуациалык схемалары түзүлүп, корутунду даярдалып, муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү комиссияга кароого жөнөтүлгөн.
2018-жылдын 9 ай ичинде жарандардан жана мекеме-ишканалардан 744 даана арыз түшкөн. Анын ичинен 202 арыз, каттардын талаптары аткарылган. 542 кат-арыздарга мыйзам чегинде жооп берилген. 2018-жылдын 9 ай аралыгында аткарылган жумуштун көлөмү 824,87 миң сомду түзгөн. 2017-жылдын 9 ай аралыгына салыштырмалуу 145,87 миң сомго аз аткарылган. Башкармалык тарабынан буйрутмачыларга 2018-жылдын 9 ай ичинде 29 АПШ жана ИТШ (Архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шартары) даярдалып берилген. Шаар ичине ар кандай объектилерди курууга буйрутмачыларга17долбоор түзүлүп берилген. 11 жеке менчик турак үй курулуп бүтүп, 1266,11м2 аянты пайдаланууга берилген. 79 жер участкаларынын ситуациалык схемалары түзүлүп, корутунду даярдалып, муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү комиссияга кароого жөнөтүлгөн.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын шааркуруу жана архитектурабашкармалыгынын 2017- жылдын 2-жарым жылдыгында жана 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармалыгына (Б.С.Ызаков ), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|