Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-6
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салык жыйноонун абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн адистери Султанов Инин жана Абдуллаев Блардын маалыматтарын угуп,сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салык жыйноонун абалы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн адистери Султанов Инин жана Абдуллаев Блардын маалыматы эске алынсын.
2. Айыл Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан мыйзамда белгиленген салыктардын жана ижара акыларын өз убагында жыйноону камсыз кылуу үчүн эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык чараларды көрүп, айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүн туруктуу болушун камсыз кылуу менен чыгаша бөлүгүндөгү сарпталуучу каражаттарды даректүүлүгүн жөнгө салуу айыл өкмүтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Айылдык Кеңешинин аймагындагы салыктарды өндүрүүдө кеңири түшүндүрүү иштерини жүргүзүү менен салык инспекторлоруна көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматчыларыны зарыл болгон учурда пайдалануу айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |