Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №116/22-7
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2017-жылда жана 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысы Р.З.Кадыровдун маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн 2017-жылда жана 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө Кара-Көл шаардык ӨК бөлүмүнүн башчысы Р.З.Кадыровдун маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө жетишпеген өрт өчүрүүчү техникалар, жумушчулар кийүүчү өрткө каршы атайын кийимдер, суу жеңчелери, шланга менен камсыздоо боюнча Кара-Көл шаардык мэриясы (И.М.Еркеев) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат жолдосун.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кара-Көл шаардык мэриясы (И.М.Еркеев), Кара-Көл шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы (Р.З.Кадыров), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|