Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №117/22-7
КРӨ караштуу экологиялык жана техникалыккоопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгынын 2017-жылда Кара-Көл шаарында курулуп жаткан курулуштар боюнча жана шаардын экологиялык абалы жөнүндө Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары М.С.Эрикбаевдин маалыматын, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери,инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгынын 2017-жылда Кара-Көл шаарында курулуп жаткан курулуштар боюнча жана шаардын экологиялык абалы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгына:
- шаар ичиндеги мыйзамсыз курулган курулмаларды иретке келтирүү боюнча иш-чара жүргүзүү;
- шаар ичиндеги электр чубалгыларынын абалы боюнча иш планына киргизип, текшерүү иштерин жүргүзүү;
- Жазы-Кечүү айыл башкармалыгынын аймагында курула турган цемент заводунун экологиялык зыяндуулугунаныктоо жана Токтогул суу сактагычынын суу коргоо зонасы боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, маалымат берүү сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын КРӨ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча регионалдык башкармалыгына (А.И.Элеманов), ал эми контролдоо шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|