Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №118/22-7
Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2017-жылда, 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2017-жылда, 2018-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Ч.Э.Тургунбаеванын маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жеңилдиктер бөлүмүнө каралган акча каражаттарын ар бир дарекке өз убагында жеткирүү шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына (Ч.Э.Тургунбаева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Г.О.Сатарова), социалдык өнүгүү башкармалыгына (Ч.Э.Тургунбаева), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|