Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №121/22-7
Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2016-2017-жылдарда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн башчысы М.А.Кошалиевдин маалыматын жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүнүн 2016-2017-жылдарда аткарган иштери жөнүндө маданият бөлүмүнүн башчысы М.А.Кошалиевдин маалыматы жана шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Сахналаштырылган чыгармаларды, кино тасмаларды көрсөтүүнү уюштуруу менен элдин руханий байлыгын өстүрүү иштерин күчөтүү шаардык маданият бөлүмүнө (М.А.Кошалиев) жүктөлсүн.
3. Шаардык маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасындагы өз ара мамилелерди жакшыртуу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды көрүүнү камсыз кылуу шаардык мэриянын вице-мэри Г.О.Сатаровага жана шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы М.А.Кошалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), шаардык маданият бөлүмүнө (М.А.Кошалиев), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|