Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №122/22-7
Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.БабакановдунКара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Г.А.Толубаевдин сунушу боюнча кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүнүн тургундары ушул мезгилге чейин саркынды суу чыгаруу боюнча төлөмдөрдү Токтогул ГЭСтери Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатына төлөп келгендигин эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын Бекташ көчөсүндөгү №1,2,3,4,5,6,7 коттедждеринин саркынды суу кетүүчү түтүкчөлөрүн Токтогул ГЭСтери Каскады коммуналдык ишканалар комбинатынын балансына өткөрүп алсын.
2. ТГЭСтери Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинаты Бекташ көчөсүндөгү коттедждердин саркынды суу кетүүчү түтүкчөлөрүн2019-жыл ичинде шаардын борбордук саркынды суу кетүүчү тутумуна кошуу иштерин жүргүзсүн.
3. Кара-Көл шаардык мэриясы (И.М.Еркеев) Бекташ көчөсүндөгү коттедждердин саркынды суу кетүүчү түтүкчөлөрүн Токтогул ГЭСтери Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын балансына өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрсүн.
4. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов) Бекташ көчөсүндөгү коттедждердин саркынды суу кетүүчү түтүкчөлөрүн, саркынды суу топтоочу кудуктарын тазалоого, оңдоого Токтогул ГЭСтери Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатына жардам көрсөтүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), Токтогул ГЭСтери Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатына (Ө.С.Кыдырмаев) ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|