Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №123/22-7
“Ак тилек” шайыр апалар тобуна республикалык телефестивалга катышып келүү үчүн сапардык чыгымдарга 100,0миң сом акча каражатын социалдык өнүгүү башкармалыгынын 1 918,6миң сомдук бош калган каражаттын эсебинен маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого макулдук берилген Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын 13.11.2018-ж. чечимин жана шаардын мэри И.М.Еркеевдин 26.11.18-ж. №06-6/2604 чыгыш сандуу катындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык “Ак тилек” шайыр апалар тобуна республикалык телефестивалга катышып келүү үчүн сапардык чыгымдарга 100,0миң сом акча каражатын социалдык өнүгүү башкармалыгынын 1 918,6 миң сомдук бош калган каражаттын эсебинен маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого макулдук берилген Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын 13.11.2018-ж. чечиминдеги жана шаардын мэри И.М.Еркеевдин 26.11.18-ж. №06-6/2604 чыгыш сандуу катындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардык “Ак тилек” шайыр апалар тобуна республикалык телефестивалга катышып келүү үчүн сапардык чыгымдарга 100,0миң сом акча каражатын социалдык өнүгүү башкармалыгынын 1 918,6 миң сомдук бош калган каражаттын эсебинен маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренесине жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
3. Шаардын мэри И.М.Еркеевдин 26.11.18-ж. №06-6/2604 чыгыш сандуу катындагы шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы республикалык бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2018-жылга бекитилген жеңилдиктер беренесиндеги 734,4миң сомдук бош калган калдык каражатты шаардык мэриянын тиешелүү беренесине жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
4. Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомдун 2-пунктундагы 100,0миң сомдук каражатты шаардык маданият бөлүмүнүн аппаратынын, ал эми 3-пунктундагы 734,4миң сомдук каражатты шаардык мэриянын тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнение”) киргизүү жолу менен каржыласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|