Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №124/22-7
Кара-Көл шаарынын “ Тамак-Ордо” ашканасынын ээси Н. Бектурган уулунун арызына байланыштуу Кара-Көл шаарындагы коммерциялык багытта юридикалык жана жеке жак катары иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдүн эсебин жана түшүп жаткан кирешелердин көлөмүн тактоо, шаардык бюджеттин киреше түшүрүү булактарын көбөйтүү жолдорун иликтөө максатында депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинде төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
1) Адыл Камытбекович Чаргынов
2) Рахматалы Алишерович Абылов
3) Эстебес уулу Тилек
4) Заманбек Бопошов
5) Эрлан Нурланбекович Казыбеков
6) Гулжигит Акимжанович Толубаев
7) Нузарбек Бобубекович Чыныкбаев
2. Убактылуу комиссия өз ишин 2019-жылдын 1-мартына чейин жүргүзсүн.
3. Убактылуу комиссия белгиленген мөөнөт ичинде териштирилген маселе боюнча корутунду даярдасын жана шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу убактылуу комиссияга , ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Н. Кыргызалиев |
|
|