Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-сентябры №1
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз IX – кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги 1- маселеси болгон Кыргыз Республикасынын Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин 16.08.2016-жылдагы 4870 СЕ лицензиясына негиз ОсОО “Жангарач” ишканасына кен казып иштетүү үчун жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап , талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз IX - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан “Жангарач” ЖЧКсына берилген 4870 СЕ лицензиясында көрсөтүлгөн жер аянты Сөгөт айылынын тургундарын камсыз кылып турган агып чыгуучу булак жайгашкандыктан , кен иштетүүгө уруксат берүү айыл тургундарынын макулдугунун негизинде гана жүргүзүлсүн.
2. “Жангарач ” ЖЧКсынын жетекчилигине Сөгөт айылынын тургундары менен тил табышып , айылдын негизги проблемасын чечүүгө көмөк көрсөтүү жагы сунушталсын.
3. Бул токттомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Айыл чарба , жаратылышты коргоо, экология, өнөр жай , транспорт,ишкердик , иш, электр энергия маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|