Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №3/1
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/1 маселеси болгон “Аква Арз” ЖЧКсынын өкүлү Райымжанов Алмаздын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жазган кайрылуусун кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VIII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Аква Арз” ЖЧК ишканасынын жетекчиси Райымжанов Алмаздын 20.09.2017 -жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5575 СР лицензиясынын жана №1 лицензиялык макулдашуусунда көрсөтүлгөн 95.84 га жер аянтын 2021-жылдын 20-сентябрына чейин геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. “Аква Арз” ЖЧК ишканасынын жетекчиси Райымжанов Алмазга чалгындоо иштерин жүргүзүү учурунда кен казып алуу жана сатуу иштерин жүргүзүүгө катуу тыюу салынсын жана мыйзам чегинде жоопкерчилиги суралары эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл чарба.турак-жай ,муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы.Молорбаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|