Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №3/2
А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектебинин спорт аянтчасы үчүн муниципалдык менчиктеги жер аянтын бөлүп берүү жана спорт инвентарларын орнотууга уруксат берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/2 маселеси болгон А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектебинин спорт аянтчасы үчүн муниципалдык менчиктеги жер аянтын бөлүп берүү жана спорт инвентарларын орнотууга уруксат берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектебинин спорт аянтчасын куруу үчүн Ак-Жол айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер аянтынан 290 кв.м жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтынын айлана тегерегин тосуу, керектүү спорт инвентарлары менен камсыз кылуу демөөрчүлөрдүн демилгеси аркылуу ишке ашырылары белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймактык Кеңешинин билим берүү , социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|