Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №3/4
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/4 маселеси болгон Кечүү айылынын тургуну Кулушов Замир Тагайбековичтин кайрылуусу жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кечүү айылынын тургуну Кулушов Замир Тагайбековичтин кайрылуусу канааттандырылсын, жалпы жамааттын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн жер тилкесин өткөрүп берип жаткандыгы белгиленип , айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине тартылсын.
2. Жер аянтынын жана турак-жайдын тиешелүү документтерин даярдап , өзгөртүп түзүү айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|