Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-8
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү “Араван агросервис” кооперативинин башчысы Т. Бакировдун арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүндөгү “Араван агросервис” кооперативинин башчысы Т. Бакировдун Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү мурдагы колхоздун кампасынын аймагынан чет элдик инвесторлордун долбоорунун негизинде мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоочу муздаткыч кампа куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү мурдагы колхоздун кампасы элдин үлүшү болгондуктан жана кампа аймагында бош жер жоктугунан “Араван агросервис” кооперативине чет элдик инвесторлордун долбоорунун негизинде мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоочу муздаткыч кампа куруу үчүн жер ажыратып берүүгө мүмкүнчүлүк жоктугу белгиленсин.
2. Аталган долбоордун талабына ылайык, айыл өкмөтүнүн аймагында жер табылган учурда, айыл Өкмөтүнүн сунушу менен “Араван агросервис” кооперативине мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоочу муздаткыч кампа курууга жер ажыратуу маселеси кайра карап чыгылуусу белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |