Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №3/5
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/5 маселеси болгон Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарынан коммерциялык багытта берилүүүчү жер аянттарынын баасы жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги жер аянттарынан коммерциялык багытта сатыка коюлуучу жер аянттарынын баштапкы баасы 1 кв. м жерге 100 сом деп белгиленсин.
2. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги сейил бактын аймагындагы жер аянттарынан коммерциялык багытта конкурс менен ижарага берүү баасы 1жылга 1кв. м жер аянты 20 сом деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|