Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №3/7
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/7 маселеси болгон “Беккер чуңкурчасына ” жана таштанды таштоо үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө жалпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын тургундарынын кайрылуусун жана Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Тыт зонасындагы Жылуу-Булак учаскасынан таштуу , жараксыз жер категориясына кирген аймактан “Беккер чуңкурчасына ” жана таштанды таштоо үчүн жер аянты бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин .
2. Таштанды таштоо үчүн бөлүнүп берилген жер аянты атайын көзөмөлгө алынып , айлана –тегереги тосмо менен тосуу жагы колго алынсын.
3. Бул токтомду ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловко милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|