Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №3/8
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/8 маселеси болгон АРИС программасы боюнча проект менен келген техникалардын келечеги жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ АРИС” программасынын көмөгү аркылуу келген Экскватор-Погрузчик 20.12.2017-жылы кабыл алынып ,Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн балансасына тартылгандыктан мындан ары да айыл Өкмөтүнүн оперативдүү тескөөсүндө коммерциялык багыттан сырткары жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга жана социалдык маселелерди чечүү максатында калтырылсын.
2. 12.02.2018-жылы Айыл Өкмөтүнүн балансасына тартылып , Алкактуу макулдашуу боюнча түзүлгөн 3 тараптуу келишимдин негизинде Жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген Пресс-Подборщик пайдалануу үчүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өтөрүлүп берилсин.
3. Пресс-Подборщикти пайдалануу үчүн түзүлгөн атайын жобо бекитилсин жана техниканын мындан ары максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик Жайыт комитетинин жетекчилигине жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|