Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №1
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги 1- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси Н.Мырзабековго милдеттендиирлсин.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|