Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №4
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII –чакырылышынын кезектеги Х-сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шынаа айылындагы А.Жолдошов атындагы башталгыч мектепке ашкана куруу үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүлгөн долбоорго өздүк салым катары 2019-жылдын бюджеттик эсебинен 31112290 башка имараттарды алуу жана куруу статьясы аркылуу 197753 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул каражатты бөлуп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы C . Ажыматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|