Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №5/1
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги 5/1- маселеси Рыскулов Надырбек Оңолбаевичти Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамына көрсөтүү жөнүндө Тегене айылынын тургундарынын айыл аймактык Кеңешине жазылган Тегене айылынын айыл башчысы С.Токтогуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тегене айылынын Сырт ,Таштын-Башы участкаларына таза суу тартууда , Тегене айылынын элинин социалдык маселесин чечүүдө көрсөткөн зор жардамы үчүн Рыскулов Надырбек Оңолбаевичке Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамы ыйгарылсын .
2. Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу ” наамына көрсөтүлгөн атуулдун тиешелүү иш кагаздарын даярдап ,өткөрүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|