Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-9
Араван райондук сотунун төрагасы Б. Сарыбаевдин катын кароо жөнүндө
Араван райондук сотунун төрагасы Б. Сарыбаевдин 13.09.2016-жылдагы Араван сотунун имаратынын алдындагы 72,0 м2 жер тилкесин райондук сотуна кароолкана жана ажаткана куруу үчүн ажыратып берүүнү суранып жазган чыгуу №1501 саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин 25-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүндө жайгашкан Араван сотунун имаратынын алдындагы 72,0 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда райондук сотуна кароолкана жана ажаткана куруу үчүн акысыз бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |