Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №5/3
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги 5/4- маселеси Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөңүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17 –октябрындагы 01-18/126-буйругу менен бекитилген Типтүү жобо менен таанышып , талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобо бекитилсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча атайын комиссия түзүлсүн жана түзүлгөн комиссия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын , Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды ушул Типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.
3. Түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык –техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
Тѳрага | Т. Батыралиев |
|
|