Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 05-январы №4
Айылдык Кеңештин токтомдорунун кабыл алуусу тууралуу талаптарга ылайык мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу камиссиясынын төрагасы К.Шингиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү» жобосуна ылайык Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Токтомдорду мамлекеттик Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Д.Камбаровага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |
|
|