ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2018-жылдын 31-январы №3
Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин жана Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын Кыргыз тили мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын “ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” жобосуна ылайык Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин токтомдору жана Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн иш кагаздары мамлекеттик тил Кыргыз тилинде жүргүзүлсүн..
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веп –сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |