Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №5
Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылынын жалпы элдик жыйынын протоколуна негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүнө караштуу Көк-Алма айылынын тургуну Эркулов Асанбектин 7(жети) небереси ата энесиз тоголок жетим болгондуктан, айыл өкмөтү тарабынан 15 (он беш) миң сом акча каражаты материалдык жардам катарында бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |