Редакцияот 31.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2018-жылдын 31-январы №6

Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” наамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак громатасына сунуштоо жөнүндө

 

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу №27 Р.Чойбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин жамаатынын сунушуна негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу №27 Р.Чойбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин орус тили мугалими Абылова Токтокан Камаловнанын жалпы эмгек стажы 43(кырк үч) жыл, анын ичинде тарбиялык иштер боюнча мектептин директорунун орун басары 20 (жыйырма) жылдык эмгеги эске алынып, Абылова Токтокан Камаловнаны Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” наамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ардак громатасы менен сыйлоого сунушталсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б. Матишев