Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №9
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу № 45 А.Тарыкчиев орто мектебинин башчысы Р.Козубаеванын билдирүүсүнө негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл аймагына караштуу №45 А.Тарыхчиев атындагы орто мектебинин эшик алдына цемент куюп, окуучулардын таза жүрүүсү үчүн айыл өкмөтү тарабынан 50 (элүү ) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |