Редакцияот 31.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2018-жылдын 31-январы №10

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу № 46 Кыргоо орто мектебинин электр өткөргүчтөрүн жаңылоо жөнүндө

 

Талдуу-Булак айылөкмөтүнүн № 46 Кыргоо орто мектебинин башчысы К.Кенжебаевтин билдирүүсүнө негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу № 46 Кыргоо орто мектебинин электр монтажын жаңылоо үчүн айыл өкмөтү тарабынан 50,0(элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веп –сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б. Матишев