Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы №12
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Каба айылынын Курбу-Таш учаскасына таштанды таштоого жер тилкесин ажыратуу үчүн Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Каба айылынын Курбу-Таш учаскасына таштанды таштоого 0,25га жер тилкесин ажыратуу үчүн уруксат берилсин.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Каба айылынын Курбу-Таш учаскасына таштанды таштоого жер тилкесин азыратуу үчүн иш кагаздарын даярдап берүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. 4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |