Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры №3
Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы айылдардагы көчөлөрдү жарыктандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл аймагынын: Кыргоо, Көк-Алма, Катар-Жаңгак, Үч-Булак айылдарынын борбордук көчөлөрү жарыктандырылсын.
2. Көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |