Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №2
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт падалануучулар бирикмесинин башчысы Ы.Торогельдиевтин билдирүүсүнө негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө АРИС ПРЖР-2 аркылуу алынган “LOVOL FL 593“атайын жүктөгүчүн эксплотациялоо үчүн, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Ы.Торогельдиев тарабынан сунушталган Жобо бекитилсин. (тиркеме 5 баракта)
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |