ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2018-жылдын 12-октябры №3
АРИС программасы аркылуу алынган LOVOL FL 593“атайын жүктөгүчтү ЖПБне өткөрүп берүү жөнүндө
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт падалануучулар бирикмесинин башчысы Ы.Торогельдиевтин билдирүүсүнө негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө АРИС ПРЖР-2 аркылуу алынган “LOVOL FL 593“атайын жүктөгүчү Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүлүп берилсин.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө АРИС ПРЖР-2 аркылуу алынган “LOVOL FL 593“атайын жүктөгүчүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү максатында атайын комиссия түзүп, комиссиянын негизинде өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө АРИС ПРЖР-2 аркылуу алынган “LOVOL FL 593“атайын жүктөгүчү эксплотациялоо Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 12-октябрындагы жобосуна ылайык жүргүзүлсүн.(тиркеме
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веп –сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |