Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №4
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт падалануучулар бирикмесинин башчысы Ы.Торогельдиевтин билдирүүсүнө негиз, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнө АРИС программасы аркылуу жакынкы жайыттардагы: Казган-Булак, Кекилик, Жедигер участкаларындагы булактарды оңдоп түзөө жана көчмө кыркым уюштуруу боюнча даярдалган проектилер бекитилсин.
2. Даярдалган проектилердин 25% элдик салымды Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинен бөлүп берүү жагы Ы.Торогельдиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |