ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2018-жылдын 12-октябры №5
Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясы жөнүндө
Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаты Б. Кенжебаевтин билдирүүсүнө негиз, VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аманкулов Данияр туруктуу комиссиянын төрагасынан бошотулсун.
2. Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин агрардык азык-түлүк, токойчулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Абдраимов Нурланбек бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |