Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №7
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсүнө негиз, VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине МТЗ-82 тракторун сатып алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 264,0(эки жүз алтымыш төрт) миң сом ака каражаты бөлүнуп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |