Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры №8
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсүнө жана Талдуу-Булак айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусуна негиз, VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн аталышын “Каба” айыл өкмөтү деп атоо жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн аталышын “Каба” айыл өкмөтү деп алмаштыруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
3. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн аталышын “Каба” айыл өкмөтү деп алмаштыруу боюнча иш кагаздарын даярдоо жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Осмонкуловко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б. Матишев |