Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №87
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз № 20 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кумарык айылындагы К.Кушубаков көчөсүндөгү 67 даана жана Ж.Бейшенов 84 даана кара жыгачтардын кесүү үчүн керектүү жерлерден мыйзам негизинде уруксат алынгандан кийин, жалпы 151 даана кара жыгач кесилип, сатылып, андан түшкөн каражаты 6400 метр аралыгын жарыктандыруу иштерин жүргүзүүгө жумшалсын жана айыл аймактын аты аталышы менен арка орноту максатында архитектуралык иш кагаздарын бүткөрүү жүргүзүлсүн.
2. Кумарык айылындагы К.Кушубаков көчөсүндөгү 67 даана жана Ж.Бейшенов 84 даана кара жыгач кесилгенден кийин К.Кушубеков көчөсүнө 80 даана жана Ж.Бейшенов көчөсүнө 80 даана ак кайын отургузуу жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы М.Борбашовго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.О. Исаков |
|
|