БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 21-ноябры №88
Бердике баатыр айылдык кенешинин аксакалдар сотунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Бердике баатыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бердике баатыр айылдык аксакалдар сотунун терагасы К.Атыкановго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.О. Исаков |
|
|