Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №90
Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2018-жылдын 10-январындагы Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү №2 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш чаралар Планынын 1 пунктуна жана 2018-2022 –жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатын Концепциясынын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын Планын бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 29-мартындагы 107-р номурлуу буйругуна ылайык айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү програмаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн бирдиктүү ыкманы жана усулдук колдоону камсыздоо максатында Бердике баатыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Усулдук колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүу программаларын даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “Шаарлардын жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмону” жетекчиликке алуу жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Борбашовго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.О. Исаков |
|
|