Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №93
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, Мунапыс берүү негиздери жана колдонуу тартиби жөнүндө мыйзамдарын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 сандуу буйругун аткарууга алуу максатында ” Бердике баатыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы 5 адамдан түзүлсүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
- Дүйшеналиев Канат- айылдык депутат
- Сартов Данияр – айылдык депутат
- Сагынбеков Талантбек – айыл башчы
- Токтогазиева Айчүрөк – Аялдар Кеңешинин төрайымы
- Казаков Мирлан- айыл тургуну
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия жергиликтүү кеңештин алдында жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган иштери тууралуу отчет даярдап кеңешке киргизсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия иштерди кароосу 2019-жылдын 01-январынан тартып күчүнө кирсин.
6. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Борбашовго жүктөлсүн.
Тѳрага | М.О. Исаков |
|
|