Редакцияот 21.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 21-ноябры №95

Бердике баатыр өкмөтүнүн Кум-Арык айылынын тургуну Калматова Назира Өмүрбековна «Эне Даңкы» медалына сунуштоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү» №234 жарлыгына жана «Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 11-июнундагы №80 Мыйзамына таянып, Бердике баатыр айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн Кум-Арык айылынын тургуну, алты баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн Калматова назира Өмүрбековна «Эне Даңкы» медалы менен сыйлоого сунушталсын.

2. Токтомду бекитип берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

Тѳрага

М.О. Исаков