Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-майы № 10-1
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-2020-2021-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдардын кирешесинин болжолдуу долбоору № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн долбоору түзүлгөн эсептөөлөргө негиз жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төломдөрдүн белгиленген пландардын ар бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспектору Ашырбай уулу Турсункулга милдеттендирилсин.
4. Чыгаша бөлүгү боюнча түзүлгөн болжолдуу эсептөөлөрдү аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Арстанбаевге жүктөлсүн
5. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана карды комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн милдетин аткаруучусу Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кенештин бюджет финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Арстанбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Мамыралы у Б. |
|
|