Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-сентябры № 25-14
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин кайрылуу катын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин Октябрь айылындагы мал короо жана кормацех багытындагы 11 (он бир) га жер аянтын айыл өкмөтүнүн калкын турак үй курууга жер тилкеси берүү боюнча арыздарын канааттандыруу максатына аталган жерди турак үй багытына өзгөртүүгө макулдук берүүнү суранып кайрылган кайрылуу катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак үй курууга жер тилкеси берүү үчүн айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы мал короо жана кормацех багытындагы 11 (он бир) га жер аянты турак үй багытына өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |