Редакцияот 09.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы

 

2017-жылдын 09-январы № 1-3

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан сунушталган туруктуу комиссияларынын курамын шайлоо боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлүп,бекитилсин.

1.Бюджет-финансы жана мыйзамдуулук боюнча маселелери боюнча ТКнын курамы:

Арстанбеков Дамирбек -төрагасы

Жакыбалиев Сатар

Бузурманкулов Субанбек

Атабеков Тургунбек

Жантаев Бакытбек

Болтаев Мырзабек

Арзыбаев Шаршенбек

2. Айыл чарбасы жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча ТКнын курамы:

Ормонов Алтынбек-төрагасы

Жоромырза уулу Тилек

Кушубаков Руслан

Жансариев Анарбай

Тургунбаев Куштарбек

Касымбеков Самарбек

3. Социалдык , билим берүү, маданият , спорт тармагы маселелери боюнча ТК нын курамы:

Шайдиев Абдибали-төрагасы

Асранов Октябр

Султанкулов Эргазы

Шеркулов Келсинбек

Абдибалиев Канатбек

Шабданов Каныбек

2. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелердин баарын алгач туруктуу комиссияларда талкуулап,андан кийин сессияга алып чыгуу жагы ар бир туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.

3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Алимбеков жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Чүкөтаевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Мамыралы у Б.