Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 2-1
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен канааттандырарлык деп табылып,бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,өздүк бекитилген киреше 1528,1 миң (бир миллион беш жүз жыйырма сегиз жүз миң бир жүз ) сом,теңдөөчү грант 4989,7(төрт миллион тогуз жүз сексен тогуз миң жети жүз) сом, жалпысы: 6543,8 ( алты миллион беш жүз кырк үч миң сегиз жүз) сом суммасында бекитилсин.
3. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү бекитилсин.
4. 2018-2020-жылдардын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолдуу долбоору бекитилсин.
4. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 6543,8 ( алты миллион беш жүз кырк үч миң сегиз жүз) сом менен бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга жана 2018-2020-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 1 пунктуна жана 12-статьясынын 3 пунктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга,коммуналдык чыгымдарга,калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 65.0 ( алтымыш беш миң)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз 2017-жылдын 1-январына карата калдык 150.0 ( бир жүз элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
11. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Мамыралы у Б. |
|
|