КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2017-жылдын 27-июну № 5-1
Айыл өкмөтүнүн аймагында ички тартиптерди бекитүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында ички тартипти киргизүү боюнча жалпы элдик чогулуштарда айтылган сын-сунуштарды угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөндөгү ички тартиптер киргизилсин:
- малды жазгы жайытка 10-майга чейин өткөрбөгөндөргө жандыкка 100 (жүз) сом, кара малга, жылкыга 200 (эки жүз) сом;
- корукта, айыл ичинде жүргөн малдарга кара малга 400 (төрт жүз) сом, жандыктарга 200(эки жүз) сом;
- жайлоодон көчүп келүү 10-сентябрдан кийин деп белгиленсин. Көрсөтүлгөн мезгилден эрте көчүп келгендерге жандыгына 50 (элүү) сом, кара мал жана жылкыга 100 (жүз ) сомдон;
-бош жүрүп эгинге, чөп жайга түшкөн малдарга ар бир жолкусуна 300 (үч жүз) жана келтирилген чыгымдарды өндүрүү;
-арык казбагандарга, жолду бузуп суу алып өткөндөргө 2 эң аз айлык эсебинде, сугат графигин бузгандардын ар бир жолкусуна 1 эң аз айлык эсебинде;
- таштандыларды мыйзамсыз төккөндөргө, автооунааларды агын суунун жээгине жуугандарга жана айыл мыйзамын одоно бузгандарга 3 эң аз айлык эсебинде айыптар бекитилсин.
2. Ички тартиптердин аткарылышы боюнча көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет,финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | Мамыралы у Б. |