Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-декабры № 8-4
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет –финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын Батырбек көчөсүнө элди социалдык жактан тейлөө борборун куруу долбооруна колдоо көрсөтүү жөнүндөгү корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Батырбек көчөсүнө элди социалдык жактан тейлөө борборун куруу долбоорун колдоо көрсөтүү үчүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 31111290 статьясынан 200(эки жүз) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы боюнча айылдык кеңештин бюджет, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет – финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | Мамыралы у Б. |