Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели №15
Айыптарды төлөө өлчөмдөрү жана бадачылардын эмгек акылары жөнүндө
Жалпы элдик жыйында түшкөн сунуш-пикирлерди угуп жана талкуулап, Бел -Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IV ачык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл аймагындагы жайлоолорго көчүп-конуу жөнүндө түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып баруу жагы айыл башчыларга, жайыт комитетине жана бадачыларга милдеттендирилсин.
1. Жайыт акынын баасы томондогудой бекитилсин:
1 баш уйга -49сом 03 тыйын
1 баш жылкыга -86сом 24 тыйын
1 баш кой-эчки 17сом 22 тыйын
2. Бадага берилген малдын баасы төмондогүдөй бекитилсин:
1 баш бодо малга-300сом.
1 баш музоо малга-100сом
1 баш жандыкка-40сом.
Эскертүү: Бадачы алган малын жоготсо төмөндөгүдөй суммада орду төлөнүп берилсин:
Кой-4000сом
Козу-3000сом
Эчки-2500сом
Улак-1500сом
3. Айыптарды төлөө өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Айдоого жана чабындыга,бак-даракка зыян келтирип огородко түшкөн малга.
1 баш бодо малга-500сом.
1 баш жандыкка-50 сом.
1 баш эшекке-500сом
4. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте көчүп келген бадачыга жана жеке малы менен чыккан жарандарга- 5000 сом.
5. Айдап салма малга-5000сом.
6. Таштандыны ар кайсы жерге таштаган атуулдарга -1000сом
7. Улуш огороддон түшкон жолго зыян келтирген майнап сууга - 1500сом.
8. Мурапка баш ийбеген атуулга же үй-бүлөөгө-1500сом
Айыл өкмөтүнүн бюджетине -1000сому тушурулсун.
Мурапка -500 сому берилсин.
9. Айылдык кенештин сессиясынын бекиткен токтомдорун аткарбаган жарандар КРнын мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартылсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылат.
11. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага: | Ж. Боронбаев |
|