Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели №17
Жалпы элдик жыйында түшкөн сунуш-пикирлерди угуп жана талкуулап Бел -Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IV ачык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштарды уюшкандыкта өткөрүү жана айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу, бул иштерге жалпы калкты мобилизациялоону колго алуу жагы жер адис Ч.Сманбековго айыл башчылар Э.Мамбетасымовго, К.Токтогазиевге , Б.Токтогараевге милдеттендирилсин.
2. Жазгы айдап себүү жана турмуш тиричилик жумуштарын бүткөрүү үчүн элдик жыйындагы сунуштарды эске алуу менен төмөндөгүдөй баа өлчөмү бекитилсин:
1. Жер айдоо:1гектарга-2500 сом(маласы, күйүүчү, майлоочу майы ичинде)
2. Чөп ташуу:Чон Дөбө участкасы-600 сом, 20л бензин
Шай участкасына-800сом, 30л бензин
Тегерек-Чыбыр-500 сом,10л бензин
Карой ,Төш -Булак -200 сом,10л бензин
Орто арык, Керимбай арык участкасына-200сом, 4л бензин
3. Кум-шагыл жуктөө:Эксковатор-700сом.
ГАЗ автомашинасы-700сом
ЗИЛ автомашинасы-900 сом.
4.Торкенге пилорамага терек ташуу:1000сом, 15л бензин.
5.Чөп чабынды арендасы :
Чөн-Дөбө жана айыл ичи-туз жер 1гектарга-300 сом.
Чалгы менен чабыла турган жерлерге-200 сом.
Чөп пресстөө: 1түк-15 сом
Чөп чабуу 1гектарга-1500, грабилге-800 сом
6. Мал базарга мал сатуу үчүн:
Бодо мал барганы-300 сом.
Торпок,тай-200 сом.
Кой-эчки-100 сом.
Мал өтпөй калып кайра келсе бекер.
Сатылып алынган малга-200 сом.
7. Женил машиналар үчүн адамдардын жол кире акысы-100сом, ун алып келүү-50сом.
8. Мураптын айлык акысы түтүн башына-150 сом.
9. Үлүш жердин суугатына 1сотыхга-5сом
10. Таза сууга айына түтүн башына -100сом
11. Кароолчунун айлык акысы түшкөн айып пулдан алынат
14 .Мурапка баш ийбеген атуулга же уй-бүлөгө-1000 сом.
Кечки көзөмөл учурунда көчөдө бейчеки жургөн атуулдарга-5000 сом.
15. Токтомдо бекитилген сумманы өз убагында так төлөө жана аткаруу ар бир айыл тургундарына милдеттендирилсин.
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылат.
17. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.
18. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага: | Ж. Боронбаев |