С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 25-сессиясы
2016-жылдын 19-сентябры № 25-19
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, ФЭБ башчысы жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адисине материалдык жардам көрсөтүү боюнча айылдык Кеңештин төрагасы Б. Маннановдун оозеки билдирүүсүн кароо жөнүндө
С. Юсупова айылдык Кеңешинин төрагасы Б. Маннановдун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Кубатовду, ФЭБ башчысы Р. Базарбаевди жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовду өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү, ак ниет аткаргандыгы жана айыл Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жандандырууга кошкон чоң салымдары үчүн материалдык жардам көрсөтүү боюнча айылдык кеңештин төрагасы Б. Маннановдун оозеки сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктун жана Кыргыз Республикасынын 30.05.2016-жылдагы “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-32-беренелерин жетекчиликке алып, депуттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Кубатовго, ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси И. Ташполотовдорго өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү, ак ниет аткаргандыгы жана айыл Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жандандырууга кошкон чоң салымдары үчүн айыл өкмөтү тарабынан ар бирине 5000 (беш миң) сомдон материалдык колдоо көрсөтүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |